Menu

Мэрия шаар тургундарын “велосипедге мингизет”

Бөлүшүү:

2019-жылы Бишкек шаардык бийлиги узундугу тогуз чакырымды түзгөн велосипед жолдорун курмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда өткөн “тегерек столдо” шаардык мунуципалитеттин транспорт бөлүмүнүн жетекчиси  Кубанычбек Жунусов билдирген.

Анын айтымында, бул иш аркылуу мэрия шаар тургундарынын жарымын велосипедге мингизгиси келет. Андан ары, 2020- жылы дагы тогуз чакырым веложолдорду куруу пландалган.

Андан сырткары, шаардын май куйуучу станцияларына начар  сапаттагы күйүүчү майды сатууга тыюу салынууну да көздөп жатышат.

“Азыркы күндө эки компания гана “Евро-5” сапатындагы күйүүчү майларды сатат, башка станциялар болсо “Евро-3” сапатындагы майларды сатыкка коюшат. Май куйуучу станциялар жогорку сапаттагы майларды сата баштаганда, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар оолуттуу түрдө кыскарат,”- дейт К.Жунусов

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: