Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Америка элине, Джордж Буш-улуусунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

56 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: