Кыргызстандын тургуну Орусияда төрөт убагында көз жумган. Анын кызын Франциянын жараны багып алган, азыр ал кыздын туугандарын издеп жатат. Бул тууралуу өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасында социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков билдирген.
Маалыматка караганда, 1970-жылы туулгаан Кыргызстандын жараны Москва шаарында иштеп жүргөн. 2007-жылы ал төрөт убагында көз жумган. Жаңы төрөлгөн кыздын өмүрүн дарыгерлер сактап калып, кийин аны Франциянын жараны багып алган.
Ал кыз азыр 11 жашта. Апасы кыздын өз мекениндеги туугандары менен тааныштырууну көздөп, туугандарын издеп жатат.
“Ширманай Осмонованы билген жарандар болсо мага маалымдап коюңузду суранам” – деп кайрылган Дайырбек Орунбеков.
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1985203921560039&set=a.298254300255018&type=3
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ