Menu

Нариман Түлеев: “Фарид Ниязовго айттым, “Атамбаев азыр карызын төлөбөсө, зонага барганда өндүрүп алам, ал жакта карыз өндүрүш жеңил болот” деп”

Бөлүшүү:

“Мен Атамбаевге “карызыңды төлө!” десем төлөбөй жатат. Ал менин атамдан карыз алган болчу. Экөөбүз самолетто сүйлөшө баштаганда “карызыңды төлө, качан бересиң карызды?” деп сурадым. Ал карызын мойнуна алды, бирок “мен карызымды өкүл балам аркылуу берип жибергем” деп актанды. Сталбек деген өкүл баласы бар. “Мен өкүл балама бергем, Москвадан келгенде андан тактайм” деди”, – деп билдирди бүгүн, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.

“Мындан бир жума мурун мен Фарид Ниязовго жаздым “Атамбаев мага карызын төлөп берем деп убада кылды эле, төлөсүн, мен Сталбек менен сүйлөштүм, ал “мен акча алган эмесмин” деп жатат. Бир күндү белгилейли, жума күнү карызын төлөп берсин” дедим. Мен Атамбаевге айткам “Атамдан алган карызыңды төлө, кыргыздар өлгөндө аласасы болсо баласы алат, бересеси болсо баласы берет” десем, “макул, мен барып эле берем” деген. Берген жок. Мен Фаридге айттым “Силерди кудайга койдум! Биякта төлөбөсөңөр, Атамбаев зонага түшкөндө төлөтүп алам. Ал жактан карызды өндүрүш жеңил болот” дедим”, – деди Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: