Түркмөнстандын президенти Гүрбангулы Бердымухамедов небереси менен чогу жаңы жылдык банкетте катышып, өзү жазган ырды немис, англис жана түркмөн тилдеринде ырдады. Бул тууралуу «Хроника Турменистана» кабарлады.
Айта кетсек, Бердымухамедов такай ыр жазып, аларды аткарып келет.
Мамлекеттик басылмалардын маалыматына караганда, президенттин ырларына анын небереси Керимгулы обон чыгарып келет.
Буга чейин алар рэп айтып, Джастин Тимберлейктин ырларын аткарып, патриоттук ырларды ырдаган. Андан сырткары, өлкө башчы өзү жалгыз дагы ыр аткарат.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ