Menu

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты: «Көкүрөгүнө арман, көңүлүнө зил толгон Кадыркул Даутов»

Бөлүшүү:

– Гезитибиздин 21-февралдагы санында сиз жөнүндө макала жарыяланган.  Ошол боюнча айрым суроолорго жооп алалы дегенбиз.

– Макул.

– Бул чыр эмнеден башталды эле?

– Өзүң билесиң 2017-жылы силердин гезитке К.Даутовдун «Алп акындын албан түстүү дүйнөсү» деген китебин сындап жазгам. Ошондон кийин башталды, далай окуялар болду. Бул мезгилде ал кыргызга мүнөздүү эмес тажаал, көк, кекчил мүнөзүн көрсөттү. Мунун бардыгы ал өзүнүн «классикмин» деп эсептеп алган жалган түшүнүгүнөн келип чыгып жатат. Көзүнүн тирүүсүндө угуп алганы, чындыкты билип алганы жакшы. Дагы да болсо ошол биз сындаган китеби адабият тарыхында калат. Айрым жакшы макалалары бар албетте, калганы болсо жазуучулар союзунун буюртмасы менен жазылган утурумдук макалалар. Муну мойнуна алгысы келбейт деңизчи, бирок ачуу чындык ушундай. Ал эми К.Даутовдун китептерине жазылган мактоолор негизинен бир беткей рецензиялардан турат. Мисалы, силердин гезитке жарыялаган макаласындагы цитата алынган биздин рецензияны К.Даутовдун өзүнүн өтүнүчү боюнча жазып бергенибизди эсине сала кетели.

         – К.Даутов сизди жакшылыкка жамандык кылып жатат «С.Тиллебаевди кандай гана жамандап, ага кандай гана ыплас сөздөрдү чаптап келатат» деп жазды. Буга эмне дейсиз?

– Эми бул «жаман көргөндүн бөркү казанбактай» дегендей эле кеп. К.Даутов менин терс образымды түзөм деп кыжынып, кара боекту коюу сүртүп, сөздөн сөз, синонимден синоним, эпитеттен эпитет тандап мокочо кылып көрсөтүүгө умтулуп, буга чейин топтогон чыгармылык бай тажрыйбасын, болгон чеберчилигин жумшаса да шакардай кайнаган терс энергияснын айынан текст жадатма болуп, анан калса мыкчыгер сынчынын «ар бир акын-жазуучуну өз-өз ордуна коюп чыгам» деген асыл максаты орундалбай, же адабият тарыхын жаза албай, өксүп, көкүрөгүнө арман, көңүлүнө зил толгону, анан да сөзгө болгон туюму мүчүп, калеми мокоп калганы макаласынан чычаладай табы жок пафосунан айкын сезилип турат.

Ар бир адам турмушта жакшылык кылат. Башкалардын жакшылыгын көрөт дегендей. Ооба, убагында мага көп эле адамдар жардам берген. Алардын арасында Садык аке да бар. К.Даутов эмнеге минтип айтып жатканы чындыгында түшүнүксүз. Себеби, азыр да Садык аке менен мамилебиз жакшы, саламыбыз түз. Мен да колумдан келген жардамымды берип жүрөм. Китептеринин талкуусуна, кандидаттык, докторлук диссертацияларынын талкууларына катышып, жылуу пикиримди айтып, колдоп бергем. Мунун баарынын протоколдору турат. К.Даутович ушундай конкреттүү фактылары болсо айтсын.

   – Сизди А. Садыковдон «Чоң акырдан жем жештин ыкмаларын чебер өздөштүрүп», үйрөнүп жатат, Б.Байсабаевдин айткандарын жасап жүрөт» дегенине кандай дейсиз?

– Эмесе, сөз башынан болсун. Мен 2007-жылы ыраматылык профессор Калыбек Байжигитов декан болуп турганда ошол агайдын чакыруусу менен Кувейт университетинен келгем. Декан факультетте реформа жасайм деп, методика кафедрасы менен дүйнөлүк адабият кафедрасын кыскартууга аракет кылып, экинчи тарап Президентке кат жазып айтор катуу тирешүү болуп жатыптыр. Мен албетте, Калыбек агайды колдодум. Бул кармашуунун жыйынтыгында, кафедралар жабылган жок, декан өз арызы менен иштен бошоду. Андан кийин 2013-жылы докторлук диссертациямды бүтүрүп, дүйнөлүк адабият кафедрасына алып келдим. Себеби, мен ушул кафедранын докторанты болгом. Профессор Абдыкадыр Садыков «кафедраны жаптырам деп чуркап жүрбөдүң беле» деп кыйылып жатып, ишимди алып калып, тескери пикир жазып берди. Ошону менен докторлук диссертация жактоо иши токтоду. Ушундай принципиалдуу пикир келишпестик болуп жатса, агай менен кантип бир команда болобуз?

Эми Б.Байсабаев агайга келе турган болсок, ушул эле К.Даутов менен бирге чогуу декан Байсабаевге каршы күрөшкөнбүз. Ошого карабастан 2013-жылы ал мени кафедра башчысы кылып дайындады. Эми мындай кадамга анча-мынча майда адамдар бара албайт да. Ал жетекчи катары факультеттин ынтымагын бекемдеп, менеджер катары да өзүн көрсөткөн. Азыр болсо ыр-чыр, бөлүнүп-жарылуу, ушак-айыңдан башка эч нерсе жок. Себеби, начар илимпоз, жетекчилик жөндөмдөн кур-жалак калган Б.Жайлообаев декан болгондон бери лаборант Г.Телибаеванын күнү тууп, «саясатты» ошол жүргүзүп, декан факультетте лаборанттын деңгээлинде иш алып барып жатат. Аларга интригасыз жашай албаган К.Даутов кошулуп алыптыр.

Бул макаласында К.Даутов профессорлор А.Садыков менен Б.Байсабаевди мага «устат» кылып, ошолор анын субьективизмге каныккан, теориялык негизи жок, методологиясы жаңылыш китептерин сындатып жатат деп жазыптыр, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты К.Бокоевдин кабыл алуусунда болуп, ага арызданганда «ректор Медетовду курал кылып алды, мени сындатып жаздырып жатат» деп айтканы да белгилүү. Биз Кыргыз эл жазуучусу К.Даутовдун кайсы сөзүнө ишенебиз? Ал ар кайсы жерде ар башка сүйлөп, ар кимге жалаа жаап, ар кимден шек санай бербей эмне үчүн өмүр бою аздектеп келаткан китептери сынга алынып жатканынын себептерин өзүнөн издесе болмок, ал азыр «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» дегендей абалда болуп турат. Болбосо К.Даутов экөөбүздүн ортобуздагы чатакка профессор Б.Байсабаевдин эмне тиешеси бар? Мындай «акыл» Гүлай Телибаевадан эле чыкпаса, башка эч кимден чыгышы мүмкүн эмес, ага болсо К.Даутов «автор»болуп алыптыр.

– Сизди бир дагы окуу программасы жок, китеп жаза албайт деп жатат го. Буга эмне дейсиз?

– «Адабият таанууга киришүү», «Адабият теориясы» предметтери боюнча жарык көргөн программаларым, окуу куралым бар. «Манас таануу» предмети боюнча программаны башкалар менен авторлош түзгөнбүз. Жарыктык киши «бузук телефондорго» ишенбей, өзүмдөн сураса деле аны элге жалганчы кылбай, айтып бермекмин.

Анан калса К.Даутов өзүн сындаган авторлорду ошентип жаман атты кылып, басынтканды жакшы көрөт. А.Эркебаев, О.Ибраимов, К.Ибраимовдор менен бир катар чыккан Каныбек Эдилбаев деген таланттуу сынчы болгон. Ал «Сөз тагдыры» деген китебинде К.Даутовдун «Сентенциядан концепцияга, фактыдан синтезге» аттуу макаласын катуу сынга алып, К.Даутов роман жанрынын теориялык маселелерин түшүбөгөндүктөн Т.Сыдыкбековдун романдарын талдоодо көп кемчиликтерди кетиргенин конкреттүү мисалдардын негизинде тасырайтып далилдеп берген. Ага чычалаган К.Даутов «… али профессионал сынчы катары толук калыптанып бүтө элек, азырынча бир брошюрасы да жок» (К.Даутов «Доорлор чындыгы көркөм адабиятта» Б., 2016, 413-б) деп К.Эдилбаевди эч нерсе жарата элек жаш талапкер катары көрсөткөн. Бул К.Даутовдун баягы эле субьективизми. Анткени сынчы К.Даутовдун эмгегиндеги теориялык кемчиликтерди андан интеллектуалдык жагынан да, чыгармачылык талант-дарамети жагынан да жогору турган автор гана айта аларын «классик» сынчы түшүнүш керек эле. Анан К.Даутовдун макаласындагы алешемдиктерди көзгө сайып көрсөткөн автор профессионал сынчы болбогондо ким профессионал сынчы болот?

Ошентип, кезинде адабяттын уңгулуу маселелерин терең изилдеген китептери бар, 70-80-жылдардагы кыргыз адабий сынынын тарыхында өзүнүн татыктуу орду бар таланттуу сынчы Каныбек Эдилбаевдин эмгектерин жокко чыгарып «бир брошюрасы да жок» деп кергиштеп бой көтөргөн К.Даутов эми ошол өнөкөт «өнөрүн» көрсөтүп, менин эмгектеримди да жокко чыгарууда. Кудайга шүгүр, жазгандарымды эл окуп, баалап жатат. 2012-жылдан бери жарыялаган сын макалаларым 15 басма табак көлөмүндө бир китеп болуп калды. Ага чейин 1985-жылдан бери жарыялагандарым да ошондой эле бир китеп чыгат. Анан кандидаттык, докторлук диссертациялар да бар. Ошондо 4 китептин кол жазмасы даяр турат. К.Даутовдукуна окшоп китеп дүкөндөрүндө өтпөй чаң басып, студенттерге, тааныш-билиштерге «алып койгула» деп суранып, тиленип, кадыр-колко кылып саткандан кудай сактасын. Университетке келгени К.Даутовдун соодагерлик «таланты» ачылып, өркүндөп жатканын айтышууда.

Эми жыйынтыктап айтканда, ушундай майда-барат, кирди-чыкты нерселерди камтыган макаланы жарыялагандын өзү – «карайлаган там сүзөт» болуп, Кадыркул Даутовдун руханий кризиске кабылганын көрсөтүп турат.  Түшүнгөн кишиге бул – трагедия. Азыр заман башка, адабият башка, сын башка. Муну К.Даутов түшүнбөй жаңы доорду таптакыр эле кабыл ала албай калганы ушул адабиятка да, илимге да эч тиешеси жок, болгону бир ууч азезилдей азгырган кутумчул, чагымчыл, чайкоочулардын кызыкчылыгы үчүн жазылган макаласынан айкын көрүнүп турат.

Маектешкен Сурат Жылкычиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: