Menu

Видео – “Cолто” коому менен “Ай тамга Солто” коомунун ортосунда эмне талаш болуп жатат?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги экс-премьер Сапар Исаковдун таэжесине катталган “Ала-Тоо” кафесинде “Ай тамга Солто” коомунун курултайы болуп өттү. Курултайда  солтолор мурунку Атамбаевдик “Кыргызавтомаш” заводунун бухгалтери, кийин Атамбаевдик режим учурунда “Манас” эл аралык аэропортуна президент болуп дайындалган Эмир Чукуевди “Ай тамга Солто” коомунун тең төрагасы кылып шайлашканын бир нече атамекендик ММКлар кабарлашты.

Андан кийин эле чыныгы “Солто” коому менен “Ай тамга Солто” коомунун ортосунда чыккан жаңжал боюнча видеотасма тарады. Биз бул тууралу комментарий сурап, “Солто” коомунун бир нече өкүлдөрүнө кайрылдык.

 “Солто” коому менен “Ай тамга Солто” коомунун ортосунда эмне талаш?”

“Биздин “Солто” коому мурдагыдай эле өз аты менен иштеп жатат. Ал эми “Ай тамга Солто” коомун “Солто” коомунан сүрүлүп чыгып калган экс-чиновниктер түзүп, азыр аны Алмаз Атамбаев, Темир Сариев өңдүү лөктөр иштетип жатышат деген маалымат бар. Биздин “Солто” коомунун төрага-лидерлери экс-элчи, ректор  болуп иштешкен, элге белгилүү лидерлер Эркин Тентишов менен  Талант Баткулдаевдер болушат. Былтыр жайында “Солто” коомунун төрагасы Эркин Тентишов президенттин колунан “Даңк” медалын алган. Ошондон бери солтолордун атынан президентке кирип, кандайдыр бир ресурстарды сураш үчүн экс-чиновниктер “Ай тамга Солто” коомун жандандырышты. Бүгүнкү курултайдын уюштуруучулары экс-депутаттар Карыпбек Алымкулов менен Ормон Шаршенов деп жанын жеп жатышат, алар экөөсү тең пенсионерлер, “Ала-Тоо” кафесинде 800 кишиге жылкы союп, тамак бергенге алардын анча ашыкча акчасы жок. Мындай каржыны экс-президент Атамбаев менен экс-премьер Темир Сариев гана көтөрө алышат. Анын үстүнө жакында Алмаз Атамбаев менен Темир Сариев тымызын жолугушканы тууралу уктук. Дароо эле “Ай тамга Солто” коому жанданып, Атамбаевдин жигиттеринин бири, “Кыргызавтомаш” заводунун мурунку бухгалтери, кийин “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болуп, кылмыш иши козголуп, кызматтан алынып, азыр суракта жүргөн Эмир Чукуев “Ай тамга Солто” коомунун теңтөрагасы болуп шайланып жатат. Курултай өткөргөн кафеси да азыр абакта жаткан экс-премьер Сапар Исаковдун бир тууган таэжесине катталган “Ала-Тоо” кафеси экен. Биздин “Солто” коому былтыр курултай өткөргөндө ушул экс-чиновниктердин баарын чакырганбыз, бирок солтолордун курултайына булар келишкен эмес. Эми өздөрүнчө солтолордун атынан курултай өткөрүшүп, бир элди экиге бөлүп жатышат. Эгер солтолордун башын бириктирели дешсе былтыр биз менен эле бир курултай өткөрүшпөйбү, булар солтолордун атынан бийлик менен соодалашыш үчүн гана ушундай бузукулукка барып жатышат. Биз экс-чиновниктерди “Солто” коомун саясый кызыкчылыктарга пайдаланууга жол бербей келебиз, ошондуктан алар өз алдынча коом ачышып, солтолордун атынан иштетип жатышат”, – деди атын атагысы келбеген “Солто” коомунун өкүлү.

“Бизде “Ай тамга Солто” коому тууралу ушундай маалымат бар болчу, биз бүгүн жигиттер менен алардын курултайына барып, эмне үчүн элди экиге бөлүп жатасыңар десек, алар биз мындан ары бөлүнбөйбүз, “Солто” коомуна киребиз деп убада беришти. Биздин жаштар солтолорду экиге бөлгөнгө жол беришпейт”, – деп билдирди “Солто” коомунун лидерлеринин бири Талант Баткулдаев Kyrgyztoday жаңылыктар кызматына.

Бүгүнкү “Ай тамга Солто” коомунун курултайына экс-премьерлер Темир Сариев, Апас Жумагулов, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, экс-чиновниктер Карыпбек Алымкулов, Ормон Шаршенов, Сабырбек Курманалиев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана башкалар катышышты.

Кыргыз саясатында түндүк-түштүк ажырымы аз келгенсип, эми бир урууну экиге бөлгөндөр да чыгууда. Анан да кадрдык саясатта түндүк-түштүк балансын сактоого чакыргандар эмнегедир Чүй облусун эле мисалга тарта беришет. Бирок Нарын, Ысык-Көл, Талас облустары да бар эмеспи, алар эмнеге айтылбайт?

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: