Menu

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Атамбаев “Жерүйдү” жең ичинен пулдап ийген!”

Бөлүшүү:

– Көпчүлүк үчүн “Карма ууруну карма деп, ууру жүрөт” деген сөз жөн гана мисал үчүн айтылгандан туюлушу мүмкүн. А бирок, жашоодо чындап эле ошондой болот экен.

Атамбаевдин аз күн мурдагы “Форумдун” алдында “ыйлактап”, куйкасы куруша сүйлөгөндөрү жогоруда айтылган элдик кепти тастыктады десек болот. Атамбаев өз сөзүндө үй-бүлөлүк-кландык башкарууну түзгөндөрү үчүн Акаев менен Бакиевди болушунча айыптады, Жээнбековдун ошондой бийликти түзгөнү жатканын айтты. Өзү болсо ушундай эле кландык башкаруу системасын пайдаланган Акаевди “Кумтөр” үчүн күнөөлөп, анын тушунда Кыргызстандын үлүшү 66%дан 33 %га түшүп кеткенин айтты. Ошол эле мезгилде Атамбаевдин мезгилинде биздин үлүшүбүз 33 %дан 26 %га түшүп кеткен. Муну менен чектелбей кандайдыр көмүскө кызыкчылыктарды көздөп, “Центеррага” Акаев менен Бакиевдин кезиндегидей эреже менен иштөөгө шарт түзүп берди. Мөңгүлөрдү каалагандай талкалоого мүмкүндүк берип, ал үчүн жадагалса абакка ондогон адамдарды олтургузду. Алардын ичинде Садыр Жапаров да бар. Ал эми “Жерүй” боюнча маселелер көп, Атамбаев кенди жең ичинен пулдап ийген! Анда мамлекетибиздин үлүшү жок, кен иштетиле баштаса, биз ал жерден эч нерсе албайбыз. Анан суроо туулат, ошондо ким УУРУ?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: