Жарым жылдан бери дүйнөдөгү эң ири телеканалдардын бири болгон Euronews телеканалынан кызматташуу боюнча сунуш каттарды алып жүргөнбүз.
Кечээ, 26-апрелде Франциянын Лион шаарындагы Euronews телеканалынын башкы штаб-квартирасынан Бишкекке келишкен өкүлдөрү Walid Chamak менен Yulia Meleshenko биздин редакцияга келишип, эки саат бою баарлаштык.
“Биздин иликтөөлөрдө Кыргызстанда өзүнүн калкка болгон таасири боюнча биринчи орунду Kyrgyztodaу.kg порталы ээлей турганын билгенден кийин силер менен биринчилерден болуп кызматташууну чечтик жана Бишкекке учуп келерибиз менен биринчи болуп, силердин редакцияга келдик. Эртеңден баштап, Интерньюстун “Медиа Топтоо индустриалдык форумуна” катышып, башка ММКлар менен таанышабыз”, – деген Euronews телеканалынын эки өкүлүнүн мактоосу бизди бир кыйла “семиртип” койду.
Андан сырткары Euronews телеканалынын өкүлдөрү “Кактус медиа” порталы тууралу жылуу пикирлерди айтышып, “дагы кандай ММКлар менен таанышууну сунуштайсыз?” деп сурашканда, ичти кенен кылып туруп “24.kg», «Акipress», «Kloop.kg”, “НТС”, “NexTV” жана башка ММКларды мактап салдык.
Эсиңиздерге сала кетсек, Euronews телеканалы 1993-жылы Францияда негизделген жана азыр дүйнөнүн 150 өлкөсүнө күнү-түнү, 24 саат 14 тилде дүйнөлүк жаңылыктарды таратат. Лиондогу редакциясында 500 кызматкер эмгектенсе, дүйнөнүн төрт тарабында 300дөн ашык кабарчылары жана операторлору дүйнөлүк окуялардын видеохроникасы менен аудиокомментарийлерин жайылтышат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ