Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бул дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу энелер!

Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү майрам баарыбызга кымбат. Бул күнү биз ак элечек энелерибизге, ак жоолукчан апаларыбызга урмат көрсөтүп, алардын ысык мээримине, чексиз кайратына дагы бир ирет таазим этебиз.

Бул  дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок.

Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын  артында эненин мээрими, насааты жана таалим-тарбиясы турат.

Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү – баардык иштен салмактуу  жана жооптуу.

Урматтуу энелер! Сиздерге кандай алкыш сөз айтпайлы, кандай гана сый-урмат көрсөтпөйлү, баары теӊ аздык кылат.

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалаймын!

Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр.

Үйүңүздөр баланын бактылуу үнүнө толуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Майрамыңыздар кут болсун!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: