21-майда КР УКМК ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жактан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн подрядчы фирманын өкүлүнөн пара талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмы-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ