Menu

Премьер-министр Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчадан $800 миңге 2 коттедж сатып алганы боюнча маалымат тарады

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчанын биринчи линиясынан 2 коттеджге ээ болгону боюнча маалымат тарады.

Көз карандысыз эксперттердин айтымында, “Акмаралдын” 1-линиясындагы коттедждердин ар биринин баасы $400 миң турат, ошондо 2 коттедждин баасы $800.000. чапчыйт.

Ысык-Көл районунун Баетов айылында жайгашкан бул коттедждерди Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иниси Асыл Абылгазиевге каттатты деп айтылат маалыматта.

КР Өкмөтүнүн маалымат катчысы буга чейин тараткан билдирүүдө Асыл Абылгазиев соода тармагында алектенет. Ал «Форс трейд» жана «Мираита плюс» ЖЧКсында учредитель катары катталган.

Дегеле, биздин премьер-министрлер ушундай жогорку кызматта иштеп турган учурунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги VIP шаарчалардын биринчи линиясынан баасы асманды чапчыган VIP коттедждерди сатып алуусу салтка айланып калган.

КР экс-премьер-министрлери Феликс Кулов менен Игорь Чудиновдор да премьер-министр кезинде “Каприз” пансионатынын биринчи линиясынан кымбат баалуу VIP коттедждерди сатып алышканын билебиз. Алардын кошунасы, арак магнаты Шаке Абдыкеримов кайсы акчасына VIP коттеджди сатып алганы түшүнүктүү, ал бизнесмен. Ал эми биздин премьер-министрлердин айлыгы VIP коттедждерди сатып алууга жетеби? Анда чет өлкөлөрдө окуган кыз-уулдарына $20.000. ашкан окуу акысын кантип төлөшөт?

“Бажагейт” чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия “Акмарал” пансионатындагы эки VIP коттедждин КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кандай тиешеси бар экенин да иликтеп, коомчулукка чын-төгүнүн ачык жарыялап койсо жакшы болмок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: