2019-жылдын 24-майында КР УКМК ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында пара алып жаткан учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган адам ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п.боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМК убактылу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакты тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ