Menu

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юкиэ Мокуонун миссиясы аякталууда

Бөлүшүү:

  Кечээ, 5-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен, анын ЮНИСЕФдин Кыргыз Республикасындагы өкүлү катары миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНИСЕФдин өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын жана кызматташуу маселелерин, тактап айтканда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлорду талкуулашты.

КР Өкмөтү менен ЮНИСЕФдин ортосундагы 2018-2022-жылдарга кызматташуу Программасынын (бюджети 31 млн.АКШ долларынын тегерегинде) ийгиликтүү ишке ашырылып жатышына Министр ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ю.Мокуо Кыргызстанда алыскы аймактардагы 2 137 мектепти интернетке туташтырууга ЮНИСЕФ колдоо көрсөткөнүн маалымдады.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Юкиэ Мокуого Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана ага КР менен ЮНИСЕФдин кызматташтыгын өнүктүрүүгө салымы үчүн Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле ЮНИСЕФдин долбоорлору жана программалары ар бир баланын жашоо-турмушун жакшыртууга жардам берет деген ишеничин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: