Menu

Ош шаарында “КРнын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-июль күнү Ош шаарынын “Ош-Нуру” мейманканасынын  жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын ИИМнин демилгеси менен Ош ОИИБи тарабынан уюштурулган.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын укук коргоо  органдарында корупциялык көрүнүштөрдү алдын алууда биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси боюнча кеңешчиси,   милициянын подполковниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын реформалоо боюнча бөлүм башчысы,  милициянын полковниги Бакыт Дубанаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Ы. Качыбеков,  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Ш. Касымов,    андан сырткары ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын жана эл аралык
уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдо алгач ар бир тармак өздөрү тараптан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана болтурбоо боюнча аткарып жаткан иштерине токтолушту. Ошондой эле бул көйгөйлүү маселенин чыгуу себептерине токтолуп, коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу жолдорун сунушташты. Эл аралык уюмдар өздөрүнүн иликтөөсү боюнча көрсөткүчтөр менен тааныштырып, ар бир тармакка токтолду жана ар бир тармак боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти. Жалпы талкуудан соң резолюция кабыл алышып, тегерек столдогу  айтылган сунуштарды эске алуу менен атайын мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү жана укук коргоо органдарынын социалдык абалын жакшыртуу, эмгек маяналарын көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке сунуштоо жагы каралды.

Негизинен алганда, тегерек стол ачык пикир алмашуу принциби боюнча өтүп, бардык катышуучулар кызыккан суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: