Экс-башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагында дарыланууда. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аида Салянова 6-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 15-июнда консилиумда ага болжолдуу түрдө төмөнкүдөй диагноз коюлган: кайталанып турган муундун калтыратма оорусу. Кардит. А-V сол стенозунун тешиги. Митралдык жана вертикалдык клапандын биринчи баскычтагы жетишсиздиги. Үч жакка ачылма капкактын экинчи деңгээлдеги жетишсиздиги.
Перикардит. Өпкө-жүрөк кан тамыр оорусу. Жүрөк астмасы. Полиартралгия. Курч бронхит жана өнөкөт гастрит.
Мындан улам оорукананын жетекчилиги жана профессорлор Саляновага жатып дарылануу керектигин айтышкан.
15нен 29-июнга чейин Салянова Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланган.
Азыркы учурда экс-прокурордун абалы канааттандырарлык. Аида Салянова учурда №1 тергөө абагында дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ