Menu

Бермет Букашева, журналист: «Быйыл Ысык-Көлдө жүрүп, айылдык “интеллигенциянын” “эмне, Оштуктар эми бизди башкарабы?” деген нааразы сөздөрүн угуп жаттым”

Бөлүшүү:

21-кылымдагы кыргыз коомчулугунда орто кылымдарга таандык түштүк-түндүк жикчилдиги бар экендиги ачык айтылбай, жаап-жашырылып же моюнга алынбай келчү. Акыркы учурларда кыргыз интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү “оорунун жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей бул оору тууралу ачык айтыша баштады.  Сиздердин көңүлүңүздөрдү социалдык тармактардагы ушундай бир талкуунун бир үзүмүн сунуш кылабыз:

Нарын Айып: Атамбаевдин айткан сөздөрү менен идеялары өтө эле жугуштуу болуп чыкты, аны менен жакында эле анын Кой-Таштагы үйүнүн короосуна чогулгандар гана эмес, алтургай – жана көптөн бери – шаардык интеллектуалдар да ооруп калышты. Оорунун бациллалары алардын жапайы трайбализмдин уусуна ууккан аң сезиминин түпкүрүнө чейин кирип кетиптир: бул кандайча кайдагы бир оштук, анан калса биздин киши бийликке алып келген  адам Бишкекте бизди башкарат? Албетте, муну ачык айтышпайт, бирок бир нерсени чукулап таап чыгып, башка жүйөлөргө жабышып жатышат.

Бермет Букашева: Быйыл Ысык-Көлдө жүрүп, айылдык “интеллигенциянын” : “эмне, оштуктар эми бизди башкарабы?”  деген нааразы сөздөрүн угуп жаттым. Ушуга окшош дагы бир нече жүйөлөрү: Атамбаев албетте акмак, бирок ал биздин акмак да. Алардын принципи боюнча башкалар уурдагандан көрө Атамбаев  эле уурдай берсин.

Орустар, татарлар жана башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү да Атамбаевди орусча сүйлөгөндүгү жана аялы татарка экендиги үчүн колдошот. Бул алардын тээ аң сезиминин түпкүрүндөгү критерийи. Улутчулдук – бул адамдын жан дүйнөсүнө тез жуга турган аңкоо касиеттердин бири. Ошондуктан улутчулдар муну элдин башын айлантууга пайдаланышкан.

Баян Жумагулова: Мен да бүгүн ушундай пикирди уктум. Уккандарымдан алигиче эсим ооп олтурат. Эл такыр эле акылынан адашты. Алар түштүк да жана түндүк да Кыргызстандын курамында экенин такыр унутушкандай.  Алар түндүк трайбализминин сазына биротоло чөгүп, түштүктүктөрдү бизге жайнап кеткен чет элдиктер катары эсептешет. Акыл-эстен такыр ажырагандай. Айтканды түшүнбөсө жикчилерди мыйзам аркылуу тыйыш керек болуп калды! Бул сеники, бул меники деп кыргыз жерин жырткыч айбан сыңары бөлүп, коруп калышыптыр! Эл маңкурт болуп баратат!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: