Menu

Бүгүн Эгемендик күнүн Атамбаев кандай тосту? Ал эми Жээнбеков менен Отунбаевачы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-август Кыргызстандын Эгемендик күнүн КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен  2010-жылдагы өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өлкөнүн парламентинин спикери, премьер-министри жана башка үлкөндөрү менен “Ала-Тоо аянтындагы салтанатка шатыра-шатман чыгышып, куттуктоо айтып, концерт көрүп, эл менен амандашып тосушту.

Жээнбеков менен Отунбаеванын ортосуна кээде ала мышык аттап турганына карабай расмий мамлекеттик иш-чараларда президент сыр бербей, мамлекеттик кызматкерлердин этикалык нормаларынын алкагынан чыкпайт.

Ал эми 2016-жылы 31-августта ал кездеги президент Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтынан Роза Отунбаеваны кууп чыккандагы окуя дүйнөлүк бардык маалымат агенттиктери тарабынан чагылдырылып, тарыхта калды.

Бүгүн, 31-августта Алмаз Атамбаев Эгемендик күнүн УКМКнын абагында тосту. Айрымдар УКМКнын абагы анын имаратынын жер төлөсүндө деп ойлошот. Чындыгында УКМКнын тергөө абагы анын имаратынын 2-жана 3-кабаттарында жайгашкан. Анын жакында эле евроремонттон өткөн эки орундуу бир камерасында Атамбаев азыр жалгыз жатат. Баса, бул камераны абакта жаткан бир төбөл өз эсебинен VIP камера кылып оңдотуп, жашап жүргөндө Атамбаев кармалып, тиги төбөлдү Атамбаевге бошотуп берүүнү суранышкан.

Анан ошол Атамбаев жаткан камеранын терезесинин форточкасы “Ала-Тоо” аянтын көздөй ачылып, шаңдуу музыка кечке төгүлүп, Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен президент Сооронбай Жээнбековдун майрамдык куттуктоолору Атамбаевдин камерасына жаңырып туруптур…

Баса, 2010-жылы май айында Атамбаев ал кездеги экс-депутат Исхак Масалиевди мамлекеттик төңкөрүш жасайм деп аракет кылды деген айып менен  УКМКнын абагына каматып, анын 50 жылдык юбилейин УКМКнын камерасында тостурду эле. Андан кийин жарым жылга жетпей таптаза деп Масалиевди актап, абактан бошоткон.

Ошентип Атамбаев үч уктаса түшүнө кирбеген абалга кептелди. Ал “Ала-Тоо” борбордук аянтындагы Эгемендик күнүнүн шаңдуу музыкасы менен куттуктоолорун УКМКнын камерасындагы форточкадан угуп калат деп ким ойлоптур. Табаа эмес, тобоо.

Жогоруда 2016-жылдын 31-августунан алынган сүрөттөр.

Төмөндө 2019-жылдын 31-августундагы “Ала-Тоо” аянты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: