Menu

Фото – Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова эртең алтын медаль үчүн күрөшөт

Бөлүшүү:

Сүйүнчү, кыргыз журтум!  Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кубанычтуу кабар желдей тарады.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова  бүгүн, 19-сентябрда кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында төрт ирет килемге чыгып, дүйнөнүн мен мыкты деген төрт балбан кызын удаасы менен жеңип, финалга чыгып,  эртең, 20-сентябрда алтын медаль үчүн  күрөшөт.

2017-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Айсулуу  Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, алгач 1/16 финалда мексикалык Алехсандра Ромеро Боннильяны 8:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын  килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда эрте жеңишке жетти.  2018-жылы Азия чемпионатынын финалында дагы жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, анда дагы Айсулуу жеңишке жетишкен эле.

Чейрек финалда  2014-жылкы дүйнө чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү, 29 жаштагы тажрыйбалуу украиналык балбан Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип, жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына да жолдомо алды. Быйыл жазында Болгарияда өткөн элл аралык турнирде украиналык балбан Юлия Ткач Остапчук жарым финалда Айсулууну 11:10 эсебинде утуп алган. Эми болсо Айсулуудан жеңилүү ызасын тартып калды.

Ал эми жарым финалда түндүк кореялык Йонг Сим Римди 7:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, мыкты даярдыгын, жогорку чеберчилигин көрсөтүү менен кыргыз күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Жарым финалдык беттештин биринчи айлампасында Айсулуу беш упай менен алдыга чыкты. Экинчи айлампада дагы эки упайга ээ болуп, жеңишин бекемдеп, Нур-Султандагы дүйнө чемпионатында төрт атаандашын дең артыкчылык менен утуп, баш байгеге талапкер болду. Түндүк кореялык Йонг Сим Рим менен 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында дагы беттешип, анда дагы Айсулуу жеңишке жетишкен.

Эртең, 20-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө финалдык беттешүүлөр башталат. Кыргыз спортунун сыймыгы Айсулуу Тыныбекова эми финалда 2018-жылы Будапеште дүйнө чемпиону болгон,  дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш жана коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү , 28 жаштагы болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен алтын медаль үчүн күч сынашат. Кыргыздын намысын бийик көтөргөн Айсулууга дем-күч берип, сүрөөнгө алып туралы.

Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышып,  коло медаль үчүн таймашууда саналуу секунддарда индиялык атаандашына алдырып коюп, 5-орунга илинген.

2020-жылы Токио олимпиадасында Айсулуунун жылдызы жанып, олимпиада чемпиону болсо деген тилектебиз.

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын намыс төрт балбан кыз  коргоп жатат. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, байгелүү орундарга талапкер боло албай калышты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеп, жеңилүү ызасын тартып калды.

Бул дүнө чемпионатында 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга укук берген  108 жолдомо ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилип, Токио олимпиадасына жолу ачылат.

Нур-Султан шаарындагы  спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат.

       

       

       

       

       

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: