Menu

Абактагы КСДПчы Алга Кылычев суракта Атамбаевдин мамлекеттик төңкөрүш жасоо пландарын ийне-жибине чейин ачыктап, болгонун болгондой айтып берип жатат

Бөлүшүү:

Быйыл 7-8-августтагы Кой-Таштагы кандуу окуялардан кийин Атамбаевге удаалаш эле абакка алынган КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев тергөөдө сурак берип жатып Алмаз Атамбаевдин августта бийликти басып алыш үчүн мамлекеттик төнкөрүш жасоо пландары кандай болгонун ийне-жибине чейин ачыктап, болгонун болгондой айтып берип жатат. Бул тууралу кечээ үй камагындагы КСДПчы депутат Ирина Карамушкина билдирсе, бүгүн суракта Алга Кылычев менен беттештирилген Кундуз Жолдубаева айтып чыкты. Ошондой эле Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев да муну ырастады.

Андан башка да КСДПнын активисттери Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлерин барымтага алууну жана массалык башаламандыктарды кантип уюштургандыктары боюнча көрсөтмө берүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: