Menu

Карыбек Жусубалиев, милициянын ардактуу эс алуудагы старшинасы: “Милиция орой мамиледен арылып, жүрүм-турумду оңдошу керек”

Бөлүшүү:

“Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” – дегендей, ар бир инсан жаш кезинде эл-жер үчүн кызмат кылып, карыганда ошол мээнетинин үзүрүн көрүп, дөөлөттүү кутман карылыкты өткөргөн кандай кандай гана сыймык. Биз бу саам мына ошондой сыйга татыктуу кутман кары – Карыбек Жусубалиев туурасында сөз кылабыз. 75 жашка келген Карыбек аксакал учурда милициянын ардактуу эс алуудагы старшинасы, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагери.

Карыбек Балтабаевичтин айтуусунда, ал ички иштер тармагына 1966-жылы аскерден келээри менен кирген. Ал кезде өрт өчүрүү кызматы милициянын курамында болгонун айтат. Аскерден жаңы келген жигит аталган тармакта айдоочу болуу менен ишин баштайт. Өз мойнуна жүктөлгөн милдетти так жана туура аткарган жигиттин иши ошол кездеги облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине жагып калат да, 1968-жылы өрт өчүрүү кызматынан милиция кызматына которуп алат. Ошентип анын бул тармактагы алгачкы кадамы башталган тура. “Миң күндүк сапар бир кадамдан башталат” деген сөздө айтылгандай ички иштер тармагына 1968-жылы келип кирген Карыбек аксакал 1991-жылга чейин үзүрлүү эмгектенет. 

Коомдук тартипти сактоого өмүрүнүн дээрлик 25 жылын арнаган каарманыбыз бул тармакка келгенине өкүнбөйт, тескерисинче кубанат. Себеби, эл ичинде сыймыктуу барк таап, райондун ардактуу атуулу болот. Үй-бүлөлүү болуп, үй-жай күткөн Карыбек Балтабаевич нечендеген мактоо баракчалары менен сыйланат. Ошол себептен бешенесине жазылган тагдырына, тандаган жолуна нааразычылык айтууга акысы жок экенин ачыктайт. Ар убак “Кыргыз милициясы өркүндөп, өсө берсин!” деп алкап турат.

Кептин ыгы келгенде аксакалдан чини боюнча суроо салдык. Офицерлик баскычка өтүүгө аракет кылбаганына же кандайдыр бир тоскоолдуктар болгондугуна кызыктык. “1972-жылы Нарын облустук МАИге которушуп, ошол жерде иштеп жүрдүм. Ага чейин тамдын пайдубалын түптөп, ишти баштап эле койгонум болбосо, эч нерсе салына элек болчу. Ошентип Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда кызмат өтөө болуп отуруп, там көп жыл кармалбай калды. МАИнин жетекчисине кирип шартымды айтып, Ак-Талаага которулайын десем, “өз жериң экен, ал жакка иштебейсиң” – деп болбой койду. Ал кезде ушундай заман болчу. Бир күнү Нарын облустук милициянын башчысына жолугуп калдым. Өзүм курдуу болгондуктан, мамилебиз жакшы болчу. Ага болгон шартымды айттым. “Бул жакка эле которулуп алсам жакшы болот эле, карачы тамым бүтпөй жатат”-дедим. Ал “эмне иш болсо да келесиңби?” –деп таң кала суроо салды. “Келем”-дедим шарт эле. “Чин эмне болот анда”-деп ойлонуп калды. “Чиндин кереги жок, тамым бүтпөй турат, эптеп эле которулуп, тамымды бүтүрүп алайын”- дедим. “Анда жашыраакпыз да, ошентип чинден баш тартып которулуп алгам. Ошентип районумда иштеп жүрдүм, ошону менен чин калды. Андан кийин мен деле аракет кылган жокмун”-дейт аксакал. Биздин кызыгуубуз ого бетер күчөдү. “Генерал болгусу келбеген жоокер, жоокер эмес”- дешет го, сиз чын эле жылдыз алууну көксөгөн жоксузбу дедик. “Кантип көксөбөйүн, менде деле болду. Облустук МАИде жүрө берсем аны деле алмакмын. Бирок, турмуш-шартка байланыштуу өзүмдүн каалоом менен баш тартууга туура келген” –деди аксакал. 

23 жылдык иш тажрыйбада бир топ кылмыштын бетин ачууга жетишкен аксакал ошол күндөрүн эстеп алды. “1968-жылдан 1971-жылга чейин айдоочу болуп жүрдүм. Жетекчим экөбүз бир иштер менен Бишкекке келип, ошол жакта болчубуз. Бир күнү түн ичинде эле жетекчим “кокуй кетпесек болбой калды, кеттик”- деп калды. Эмне болуп кетти деп  мен деле жөнөдүм. Көрсө, райондук керек –жарак коомунун эки дүкөнчүсү бирин-бири өлтүрүп салыптыр. Түнү менен сөөктү таап келип, кылмышкерди издеп колго түшүргөнбүз. Айтор мындай окуялар көп эле башыбыздан өттү”-дейт Карыбек Жусубалиев. Аймактын аксакалы катары, анын үстүнө мурда орган тармагында иштеген адам милициянын ишине баа бере кетти.  “Эл ичиндебиз, чогуу аралашып жүрөбүз, көрүп, билип жатабыз. Майрам күндөрү же шайлоо болгондо РИИБдин жетекчисинин суранычы менен бардыгыбыз келебиз. Бизге атайын бир бөлмө берген, ошол жерге чогулабыз. Отуруп кеп-кеңешибизди, акыл-насаатыбызды айтып, жаштарга колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп келебиз. Ошондон улам элдин пикирин байкайм. Элдин милицияга карата пикири мурдагыга караганда оңолду. Биздин райондук ички иштер бөлүмүндө көпчүлүгү жаштар. Колунан келишинче иштеп жатышат, жаман эмес. Эл арасындагы карапайым адам катары деле буларга эч кандай жаман пикирим жок. Ардагерлер насаатчы катары иш алып баруу үчүн ар бирибизге жаш кызматкерлерди бөлүп, бекитип берген. Ошол боюнча иш алып барабыз. Жетекчилик бизди көз жаздымда калтырбайт. Даталуу күндөрдө дайыма чакырып турат. Биз колубуздан келишинче жаштарга жол көрсөтүп, билгенибизди айтып турабыз. Өзгөчө “орой мамилени таштагыла, өзүңөрдүн жүрүм-турумуңарды оңдогула, азыр илгеркидей заман эмес, демократия деп элдин түшүнүгү башка. Бирөө көрүп айтса, бири көрбөй айтат, ошон үчүн милицияга сөз тийгизбегиле, атын булгабагыла, бөөдө жаман атты болуп калбагыла ”- деп эле айтып атабыз” – дейт ардактуу эс алуудагы Карыбек Жусубалиев.

 

ИИМдин “Бетме-бет” гезити

Жазнура Токтоболотова, сүрөтү Данислан Асамидиновдуку

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: