Menu

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге ыңгайсыз суроолор: УКМКнын сейфинен уурдалган $200 000 акчага Канат Исаевдин күйөө баласынын кандай тиешеси бар?

Бөлүшүү:

Урматтуу Орозбек Найманович, сиз төрагалык кылган УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинде далил катары сакталып турган 200 миң доллар уурдалганы коомчулукта уу-дуу сөз болуп жатат:

“Парламенттик фракциясы бар “Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Канат Исаевдин УКМКда тергөөчү болуп иштеген Бакай Эшенкулов деген күйөө баласы сейфин башка тергөөчүгө бошотуп берип жатып, ачкычтарынын дубликатын өзүнө калтырып койгон экен, анан ал сейфте ири паракорлордон далил катары кармалып сакталган $200 000 акча уурдалыптыр. УКМКда ызы-чуу чыгып, кылмыш иши козголгондо Канат Исаев Опумбаевге кирип чыгып, ага улай $200 000 акчанын орду толукталды. Бирок Канат Исаевдин күйөө баласы кызматынан айдалды. Эми “жабылуу аяк” жабылуу бойдон калабы? Акчанын го орду башка, жаңы долларлар менен толукталыптыр, бирок жоголгон акчалар ири паракорлорду кармоодо пайдаланылган, ар биринин номурлары жазылып, атайын каражаттар менен боёлуп, кийин пара алуу учурунда колго түшүрүлүп, фиксациядан өткөн далил акчалар эмес беле? Ал далил-акчалар жок эми кылмыш ишин УКМКнын тергөөчүлөрү кантип сотко өткөрүшөт? Сотто далили жок кылмыш иши “сынбайбы”? “ деген уу-дуу сөздөрдүн чын-төгүнүн айтып, жооп берип койсоңуз?

Булак: KyrgyzToday.kg            

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: