Menu

Видео – Орусиялык «Лукойл» компаниясынын кызматкери өзбек жумушчуларды кемсинтти

Бөлүшүү:

«ЛУКОЙЛ Өзбекстан Оперейтинг Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы энергетиги Иван Шилов Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы газ даярдоочу комплекстин жумушчуларын кемсинтти.

«Эркин Европанын» өзбек кызматынын колуна тийген видоедон анын жергиликтүү жумушчуларга кыйкырып, аларды кемсинтип жатканын угууга болот.

Аталган компаниянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлүнүн айтымында, видеотасма Кашкадарыя облусунун Дехканабад районундагы газ даярдоочу «Жалакудук» комплексинде тартылган.

— Видеодо сөгүнүп жаткан адамдын аты Иван Шилов. Ал Өзбекстанга Орусиянын Пермь шаарынан келген, компаниянын Ташкенттеги кеңсесинде отурат. «ЛУКОЙЛ Өзбекстан Оперейтинг Компаниде» башкы энергетик болуп иштейт, – деди ал.

«ЛУКОЙЛ Өзбекстан Оперейтинг Компанинин» негизги ишмердүүлүгү газ иштетүү. Компания Өзбекстандын аймагындагы «Кандым-Хаузак-Шады-Кунград», «Түштүк-батыш Гиссар» жана «Арал» долбоорлору боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул долбоорлор боюнча анын стратегиялык өнөктөшү «Өзбекмунайгаз» улуттук компаниясы эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: