Кечээ, 30-январь күнү Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Равшан Жээнбековго жолугуп сүйлөшүү үчүн №21 мекемеге (ТИЗО-1) барып келди. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүү учурунда Р. Жээнбеков №21 мекеменин кызматкерлерине карата конкреттүү арыз-даттануусу жок экендигин билдирди. Бирок, ал жаткан камераны текшерип-тинтүү түнкү убакта болгонуна нааразычылыгын билдирди.
Тергелип жаткан Р. Жээнбеков ал жана аны менен камерада бирге жаткан адамдар түнкү учурда эс алганга укуктуу. « Бир күн кечке чейин тергөө иштеринде болгондуктан, кечкисин мен эс алышым керек. Кызматкерлер саат 20-00 кийин тинтүү кылганга укугу жок. Андан тышкары ченемге ылайык, ар бир камерада бир кишиге 3.5 кв.м. жер болушу зарыл. Бирок, бул ченем сакталбай жатканын мен ММК аркылуу да айткан болчумун», – деди ал.
Р. Жээнбеков өзүнүн айтымында, өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча да №1 ТИЗО кызматкерлерине да конкреттүү арыз-даттануусу жок болгондуктан, КР Акыйкатчысына жазуу түрүндө кайрылуудан баш тартты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ