Menu

21-25-февралдарда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

23-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар,  тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. 23-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-февралда күндүз жана 23-февралда түнкүсүн, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда түнкүсүн Ысык-Көл  облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: