Menu

Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин ооруканага резина октон жарадар болгон кыз кайрылды

Бөлүшүү:

Улуттук ооруканага митингден жабыркаган жаш кыз кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кыз көкүрөгүнөн жаракат алган. Анын абалы туруктуу. Учурда ал оорукананын торакалдык хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага кайрылган кыз резиналык октон жараат алганын кошумчалаган.

Кечке жуук Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган эл ак үйдү көздөй бет алып, милиция кызматкерлерин таш бараңга алышкан.  Алардын астынан милициянын кызматкерлери чыгып, атайын тарсылдак, куру дүрмөт гранаталарды ыргытып, элди кууп таркатышкан.

Эскерте кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы –  саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: