Menu

Баткенде 24 жаштагы жигит дүкөндөн 50 миң сом акчаны уурдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, милицияга  К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар дүкөндүн эшигин сындырып, кассадан 50 миң сом уурдап, ал жактагы терминалды дагы талкалап кеткенин айткан.

Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында уруулукка шектүү катары Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын 1996-жылы туулган Б.у.Э. аттуу тургуну кармалган.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: