Menu

Видео – Дастан Сарыгулов: “Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетине түшчү таптаза $1 млрд доллар уурдалган”

Бөлүшүү:

“Премьер-министр токтом чыгарыптыр: “комиссия конкурстун жобосун иштеп чыксын” деп, анан кийин буйрук менен конкурстун жобосун бекитиптир, буга чейин түшүнүксүз болуп келген да премьер-министр Жоомарт Оторбаев конкурстун жобосун бекиткенби же жокпу деп. Жоомарт Оторбаев муну иликтеп карабаптыр, бул эреженин эки чоң орчундуу кемчилиги, бул коррупциялык жол экендигин даана далилдеген кемчиликтер: бул эрежеде талап жок, 1 пункт жок”, – деп билдирди “Кыргызалтын” ишканасынын экс-төрагасы Дастан Сарыгулов “Жер үй” алтын кенинин сатылышы боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын биринчи отурумунда.

“Буга чейин Кыргызстан Жер үй алтын кенине жумшаган чыгымдарды кайрып төлөп бериш керек” деген пункт жок. Андай чыгымдар менин билишимче $50 млн. Алар кайсы чыгымдар: алтын кенди чалгындоо, геологиялык чалгындоого Союз учурунан бери кеткен чыгым $20 млн деп айттыңар. Бул чыгымды кайсы инвестор болбосун төлөп бериш керек. Экинчи чыгым – бул ЛЭП-35 электр линиясы тартылган, 110-подстанциясы менен. Жолдор курулган. Кендин өзүнө чейин кире турган жолдор да салынган. Ошол чыгымдар мамлекетке кайтарылып берилиши керек эле. Болжолдуу дагы $25 млн деген сөз. Алардын баарынын документин көтөрүп чыгыш керек. Кайсы инвестор болбосун ошол чыгымдарды кыргыз мамлекетине кайтарып бериш керек деген жобо бул жерде болуш керек эле. Бул чоң кемчилик. Менин оюмча бул атайын киргизилген эмес. Анткени $30-40 млн болсо да бул да акча да. Экинчи чоң кемчилик – конкурстун жобосунун 25-пунктунда каржы, финансы, салык, киреше каралган пунктта Жер үй алтын кени иштеп, алтын өндүрө баштаганда анын канча пайыз үлүшү Кыргызстанга бөлүнөт деген норма жазылган эмес. Бул абдан чоң коррупциялык элемент. Дүйнө жүзүндө, айрыкча алтын кендеринде инвестор сөзсүз тапкан пайдадан 50%дан кем эмес бөлүшөт. 1993-жылы Чынгышев премьер-министр болуп турганда токтом чыгарып, Жер үйдү 30% инвесторго, 70% Кыргызстанга деп бекиткен. Ошол кезде алтындын 1 унциясынын баасы 350 доллар болчу. Ал эми Жер үй каралып жаткан 2014-жылы алтындын 1 унциясынын баасы 1250 долларга жеткен. Тактагыла. Эмне үчүн алтынга баа $350 болгондо Кыргызстан Жер үйдүн алтынынын 70%ын алат да баа $1250 чыкканда өз үлүшүнөн баш тартат? Эмне үчүн? Эмнеге Кыргыз мамлекети марттык кылып, пайданын баарын инвесторлорго өткөрүп бериш керек? Бул эрежелерди, жобону түзгөн адам мүмкүн Зилалиевдин буйругун аткарды. Бирок ал “мен мындай эрежелерди түзбөйм, комиссияга катышпайм, бул кылмыш. Анткени алтын Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок болуп бөлүндү”, деп айтыш керек эле. Укуктук жагынан карасак, бул коррупциялык келишим, ал даана көрүнүп турат. Биринчиден Кыргыз мамлекетинин чыгымдарынын кайтарып берилиши киргизилген эмес. Экинчиден, Жер үй алтын кенинен түшкөн пайданы инвестор менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда бөлүштүрүү тууралу талаптар киргизилген эмес. Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшчү таптаза $1 млрд доллар жеке адамдардын кызыкчылыгына уурдалган”, – деди Дастан Сарыгулов.

Эсиңиздерге сала кетсек, Таластагы 5 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Россиялык чечен миллиарддер Муса Бажаевге 100 млн эле долларга, Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен. Эми 100 тонна алтыны бар Жер үйдүн 1 кг алтынына да Кыргызстан ээлик кыла албайт. Ал эми Атамбаев менен Темир Сариевге чечендерди алып келген Өмүрбек Бабанов экенин коомчулук айтып жүрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: