Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “СДПКчылар Алтыбаева менен Иса Өмүркулов “депутаттардын өлүгүн жерге узаттуу бюджеттин эсебинен каржылансын” деп да мыйзам чыгарабы?

Бөлүшүү:

“СДПКчы депутаттар Айнура Алтыбаева менен Иса Өмүркулов “Партиялардын ишмердиги бюджеттен каржылансын” деп парламентке жаңы мыйзам киргизип, айкырып жатышканын телевизордон көрүп, жакабызды кармандык. Бул Алтыбаева менен Исанын оюна коюшса жакында депутаттар өлсө өлүгүн жерге берүү да бюджеттен каржылансын деп мыйзам чыгарышат”, – деп билдирди бүгүн, 16-мартта Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Алтыбаева менен Исанын мээси жайындабы? Эмне үчүн биз аты бар заты жок, ара төрөлгөн партияларды элдин эсебинен, бюджеттен каржылашыбыз керек? Билип турабыз алар батыш өлкөлөрүн туурап жатышат. Бирок, биздин дайыма дефицит бюджеттин абалы менен партияларды каржылаган батыштын бай өлкөлөрүнүн дайыма профицит менен чыгып жүргөн бюджеттерин салыштырууга болобу? “Казка теңелип карганын буту сыныптыр” болбойбузбу, же депутаттар мыйзам жазганда бир нерсе чегип алып жазышабы? Бюджетибиз жыртык-тешик болсо, врачтар, мугалимдер айлыктары аз Россияга кетип жатышса, бюджетибиздин тартыштыгынан майыптарга чектеген жөлөк пулдар 2 миң сом, пенсиялар 4 миң сом болуп, алардын күнүмдүк тамагына акчалары жетишпей кезерип,  ачка олтурушса анан кайсы арыбызга партияларды жакыр элдин эсебинен каржылайбыз? Партия лидерлерин карагылачы, бардыгы семиргендеринен жарылганы араң турушат. Шайлоо алдында ар бир талапкерден $300 миң – $500 миңден жыйнашат экен. Ошол эле Иса Өмүркуловдун аялы экөөсүнүн эсеп жеткис байлыгынын тизмесин сайттар жарыялашты. Анан ошолор эми жакыр элдин акыркы тыйынына көз артып жатышабы? Ушул СДПКчылар менен бизди 2010-жылы алдап кетишкен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн “ичкени ирим жегени желим болсо экен”, ичкендери ичтерин тешип чыкса экен, элди такыр тоноп бүтүштү”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: