Жалал-Абад облусунда таажывирус илдети менен жабыркап жаткандардын арасынан 3 бейтап айыгып, алар ооруканадан чыгуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта ооруканадан билдиришти .
Маалыматка караганда бүгүн кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында таажывирус табылган эмес.
Айыккандар 1958-жылы, 1974-жылы, 1976-жылы туулган. Алар ооруканада 14 күндөн ашык жаткан. Бүгүн бейтаптардын абалы жакшы. Кээ бир маселелери чечилип, үйлөрүнө чыгарылат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ