Menu

«1941 — 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» КР мыйзамына кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «1941 — 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы  Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жалпы кабыл алынган адам укуктарына жана эркиндиктерине урмат көрсөтүү менен, гуманизм жана боорукердик принциптерин ишке ашыруу максатында, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:

1) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;

3) жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;

5) жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;

6) көп балалуу аялдар;

7) ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете электер.

Ошону менен бирге 1-берененин 1-бѳлүгүнүн колдонулушу жайылтылбай турган кылмыштардын тизмеси бекитилген.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык 1997-жылдын 1-октябрындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин, 2017-жылдын 2-февралындагы КР Жазык кодексинин, мунапыста көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазасын өтөп жатып качып кеткендер, эгер ушул мыйзамдын күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотулат.

Кабыл алынган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген жактарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштын түрлөрүнө карата колдонулбайт. Мыйзам, ушул мыйзамдын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.

Айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга коркунуч жараткан оорулар (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) менен ооруган адамдарга мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.

Мындан тышкары, мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъектиси болуп жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча — анын өндүрүшүндө турган судья (сот) саналат. Сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда прокурор милдеттүү түрдө катышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: