Menu

УКМК: Баардык тергөө амалдары кылмышка шектүү экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин катышуусу менен өтүүдө

Бөлүшүү:

Азыркы учурда УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча башкы фигуранттардын бири Каныбек Османалиев болгон кылмыш ишин тергөө улантылып жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК К.Осмоналиевдин 2020-жылдын 2-мартындагы митингдин тынчтык жолу менен өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экендигине карабастан, аталган митингдин конкреттүү күн тартиби иштелип чыкпагандыгы менен өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу, ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түрткү кылып, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндүгү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча С.Жапаров жана анын жакындары митингди өткөзбөөгө чакырган. Бирок К.Осмоналиев өзүнүн кызыкчылыгын көздөп митингди уюштурган. Белгилей кетсек, К.Осмоналиев четтен көзөмөл салып, массалык баш аламандыкка айланып кеткен акциянын катышуучуларынын аракетин алдын алууга аракеттенген эмес.

К.Осмоналиевдин арызындагы суракты бир эле жолу гана өткөрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүруштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: