Menu

Өкмөттүн аппараты: Коомдук жана саясий ишмер Исхак Масалиевдин эпидемиологиялык абал боюнча пикирине жооп

Бөлүшүү:

Коомдук жана саясий ишмер Исхак Масалиевдин пикирине тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет.

Чындыгында, азыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кыйын болуп турат. Коронавирус инфекциясы тастыкталган жарандардын саны бир топ көбөйдү. Ошону менен бирге Республикалык ыкчам штаб учурда өлкө боюнча же анын айрым аймактарында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин караган жок.

Азыркы тапта жарандардын аң-сезимдүүлүк деңгээлин жогорулатууга басым жасалууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды белгиленген санитардык ченемдерди сактоого, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого жана массалык иш-чараларга барбоого чакырат. Ооруган жарандардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө максатында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аралыктан иштөө режимине которулду,  шаардык мэрияларга, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга базарларда,  соода борборлорунда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары Бишкек шаарында эс алуу күндөрү коомдук унаалардын жана таксилердин кыймылы убактылуу токтотулду.

Аны менен катар медицина кызматкерлери белгилешкендей, 2020-жылдын март айынын башында Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү туура чечим болгон. Бул коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга шарт түзгөн. Ошондо коомдо санитардык ченемдерди жайылтуу максаты коюлган. Бирок өзгөчө абал режими алынган соң көпчүлүк кыргызстандыктар медицина кызматкерлери сунуштаган чараларды сактоого кайдыгер мамиле жасашууда. Буга байланыштуу дагы бир ирет өз саламаттыгыңыздар үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: