26-июнь күнү милицияга Адилет жаңы конушунда коңшулар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ал маалымат боюнча Бишкек шаардык милициясынын ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, алгачкы иликтөөнү жүргүзгөн.
Ага ылайык, 26-июнь күнү саат 16:00 чамасында Адилет жаңы конушунун жанында 30-35 жаштардагы эки бейтааныш кыргыз жигиттер 28 жаштагы Б.А. менен анын 47 жаштагы апасы Б.А.ны сабап, милиция келгиче качып кетишкен.
Аймактык баш ийүү боюнча иш Аламүдүн районунун милициясына өткөрүлүп берилип, жапа чеккен эне-бала милицияга чала тааныш бейбаштардын аларга көрсөткөн зомбулугу боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазып беришкен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш кодексинин 119-“майда бейбаштык” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки иликтөө башталды.
Милициянын ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында бул зомбулукка шектүү 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. кармалып, суракка алынган.
Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча жаңжал жер тилкесин талашуудан чыгып, кайым айтышуудан улам ырбап кеткен.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул иштин ийне-жибине чейин иликтөө үчүн бир катар ыкчам жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды камакка алуу маселеси чечилет. Азырынча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. Сотко чейинки өндүрүш улантылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ