Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Чалдовар-Автодорожный өткөрүү пунктунда мобилдик топтордун курамында иштеп жатканда, «Рено Премиум», «Вольво FH12» жана «Вольво FH13», маркасындагы үч жүк ташуучу унааны токтотушкан. Текшере келгенде ар биринин чиркегичинде оң рулдуу үчтөн жеңил унаа болгон. Тогуз автоунаанын үлгүсү ар башка экендиги белгиленет. Ошол эле учурда, документте унаанын тетиктери гана ташылып бара жатканы көрсөтүлгөнү айтылат.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринде катталган.
Көрсөтүлгөн унааны текшерип жатып, Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы унаалар Япониядан чыкканын жана аларга эч кандай оңдоп-түзөө керек эместигин аныкташкан.
Мыйзам боюнча, оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынат.
Учурда ушул жеңил унаалардын келип чыгышынын чыныгы жагдайларын жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү максатын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ