Menu

Турат Аким, 7-апрель баатыры: “Роза Отунбаеванын акыл-эси жайындабы?”

Бөлүшүү:

2020-жылдын 9-августундагы Беларустагы президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенкону  кезектеги жеңиши менен куттуктаган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева сындап чыкты.

«Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. «Ушул революциялар бизди артка кетирди» дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы – биздин жетишкендигибиз. Биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз. Революция туура болгонун дагы бир жолу так, даана айтып коёт элем», – деп билдирди 10-августта Роза Отунбаева.

Бирок, 2010-жылы декабрда, 7-апрель революциясынан болгону жарым жыл өткөндө Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өтүп, ушундай эле жол менен жеңип чыгып, президент болуп шайланган Александр Лукашенкону ал кездеги өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өзү да расмий куттуктабады беле?

2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги илимий-практикалык конференцияда: “Бакиевди өлкөдөн мен чыгарып жибергем жана ал үчүн жоопкерчиликке тартылууга даярмын. Бул тууралу Апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сотто көрсөтмө бере алам. Бакиевди Кыргызстандан чыгарып жиберүү чечимин мен өзүм кабыл алгам. Баары билишет, ал мезгил ошондой кооптуу мезгил болчу”, – деп билдирген Роза Отунбаева. Бул тууралу “Лента.ру” сайты жазып чыккан.

Андан сырткары Курманбек Бакиев менен Роза Отунбаева куда-сөөк болушат. Көпчүлүк анда Роза Отунбаева Курманбек Бакиевди 7-апрель революциясынын идеалдары үчүн эмес кудаларынын көнүлүн кыя албай, сөзүн таштай албай бошотуп жибергендигин билишет.

Ошондуктан 2010-жылы Кыргызстандын саясатында логикасы жок кадамдарды өзүңүз жасап алып,  эми 2020-жылы ал аракеттериңизге өзүңүз каршы чыгып жатканыңыз жумшак айтканда акылга сыйбас иш.

   

Турат Аким

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: