Menu

Мейманбү Акжолова, жарандык активист: «Эл «элитаны» карап түздөнөт!”

Бөлүшүү:

БШК vs1 СП «Кыргызстан». Ызы-чуунун себептери албетте көп, “Талапкерлердин тизмеси жана алар тууралуу маалыматтар  КР БШКга электрондук  түрдө да, кагаз түрүндө да берилиши керек”  деген норма бар. Талапкерлердин маалыматтары электрондук түрдө порталда жайгаштырылса, ким качан тапшырып жатат деп,  короону сагалабай медиа жана жарандык коом ачык-айкын маалымат алмак. Документтер кабыл алынуучу акыркы  24-август күнү саат 18.00 дө БШКнын имаратына кирүүчү каалганы жаап коюшса, кечиккен партия сыртта калып, журналисттерге кечиккен себептери боюнча түшүндүрмө берүү менен алектенмек… Бирок, андай болбоду.

Айлананы курчап алган мыйзамсыздыктарга көнүп бараткандай болгон кыргыз коомчулугу, түнү чурулдап (видеобайкоо, дептерде көрсөтүлгөн убакыт, кол жазма, кол тамга…), тан заардан эшигин кайтарган активисттердин күчү менен кабыл алынган БШКнын чечимин Рейхстагка Туу сайгандай эле кубанып кабыл алды… Анан кантсин, өлүп тапкан чечимди өрдөк чокуп койбосундан болуп, кечиккенин моюндабай сотко берем БШКны деп сөөмөй кезеп жатышса…

СП “Кыргызстан” боюнча айткым келгени, пандемия шартында 50-100 гө чейин адам жыйналган жерде, санитардык нормаларды жана аралыкты сакташ керек деген талап коюлганына карабастан партиянын съезди “Аю-Гранд Комфорт” соода борборунда  300гө чамалаган көпчүлүк менен   “помпезно” ашыкча салтанаттуу өктөрүлгөнүнө күбө болдук. (https://www.youtube.com/watch?v=Ot9J9beHiTY).

Эл аралык форумда, колундагысын зорго эптеп окуп “шок” кылган https://kaktus.media/doc/398328_rech_dastanbeka_djymabekova_v_nyr_syltane_ydivila_prisytstvyushih._video.html), иш-кагаздарында кетирген грамматиалык каталары кызартып ондолгону соцтармактарда жайылган, “Франкфурт на Маяне…кукурузы не охраняем… бир адам, бир адамга жуктурса.. Ажонун эч кандай кечмилиги жок…” деген сөздөрү, аргымакка минүүдөгү өзгөчө  өнөрлөрү менен таанылган VI чакырылыштын спикери Д.Жумабеков. Ошондой эле партиянын анабашы Ш.Абдыкеримов каймана аты ШАКИ, документтерин кечигип тапшыргандарын моюндагысы келбеген партиянын лидери К.Исаев жалпы журтка таанымал инсандар. Албетте, бул партиянын кээ бир мүчөлөрүнүн белгилүү жоруктарын эске салуу максат эмес, максат артка кылчайып өткөндөн сабак алуу.

Биздин мамлекет парламенттик деп эсептелгендиктен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши өлкөбүздүн жүзү! Коомчулук каранып, түздөнүүчү күзгүсү! “Эли кандай болсо, башчысы ошондой”- деп алдамчы кыялга сооронуу келечекке зыян. Элибиз “элитага” карап түздөнөт, демек алдыда жүргөн адамдар коомчулуктун артка кетишине жоопкер!  Андыктан бул жолку чакырлышта, мекенчил, ар-намыстуу, сабаттуу, билимдүү, маданияттуу жана эр жүрөк Мекен жүгүн артынам, өзүм жана жакындарым эмес Мекенимди, элимди жакшы жашатам, элимди сактайм, жеримди коргойм деген ИНСАНДАР келсин деген тилек менен макаламды жыйынтыктайын!

Урматым менен, Акжолова Мейманбү Жолдошевна. 26-август 2020-жыл.

PS:  VS – versus ( бирине бири каршы… один против другого).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: