Menu

Фото – Базар-Коргон жана Сузак райондорунда коронавируска каршы профилактикалык иштер жүрүүдө

Бөлүшүү:

Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы район аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук ыкчам штабдын мүчөлөрү менен эл арасында
түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө, жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу максатында 5 тойкана, 3 кафе-ресторан жана коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, тиешелүү талаптарды сактабагандагы үчүн чаралар көрүлдү.

Бүгүнкү күндө санитардык-эпидемиялогиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн райондук санэпидстанция кызматкерлери менен биргеликте КРнын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин беренелеринин
негизинде жалпы 86 протокол толтурулуп, 122 500 сом айып пул салынган.

Ошондой эле, 22 коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу 3 күндөн 10 күнгө чейин токтотулган.

Мындай профилактикалык иш-чаралар Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан да тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Район аймагында жайгашкан эс алуучу жайлар, соода борборлору, базарларда санитардык нормалардын сакталышын күчөтүү багытында иштер алып барылууда. Милиция кызматкерлери соодагерлерди, унаа
айдоочуларын, район тургундарын жеке гигиенаны сактоого чакырышып, тиешелүү чакан медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү керектигин эскертишүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: