Menu

УКМК: Укук коргоо органдарынын координатору Ө.Суваналиев БУУ Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч органдарынын жана укук коргоо органдарынын координатору. генерал-майор Ө.Суваналиев БУУ туруктуу тутумдун координатору, БУУ коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Озонниа Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда КР азыркы түзүлгөн оор коомдук-саясий кырдаал боюнча маселелер талкууланды.

Ө.Суваналиевдин айтымында, кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат. Буга карабастан күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү.

Ошондой эле Ө.Суваналиев күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин белгилеп кетти.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело мырза Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын белгилеп, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

БУУ башкы катчысы Антониу Гутерриш өлкөдөгү болуп жаткан бардык окуялардан кабардар болгондугун жана саясий кризистен эртерээк чыгууну кааларын белгиледи.

Жолугушуунун акырында Ө.Суваналиев Озонниа Ожиело мырза аркылуу БУУ корсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык айтты.

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: