КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2020-жылдын 9 айында 823 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабанда менен күрөшүү боюнча бөлүнүштөрү тарабынан 2020-жылдын 9 айында бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 823 укук бузуу фактылары аныкталган, алардын ичинен ББРге 655 бузуулар, КЖБРге 168 кылмыштар жана бузуулар катталган.
Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 307,7 млн. сомду түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ