Бүгүн, 13-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны өтүп жатат. Эл өкүлдөрү спикерди шайлоо маселесин күн тартибине киргизишти.
Депутаттар эсептөө комиссиясынын курамын бекитип, вице-спикер Аида Касымалиева фракцияларга ЖК спикеринин кызмат ордуна талапкерлерди жазуу жүзүндө сунуштоону сунуштады.
“Кыргызстан” фракциясы Канат Исаевди ЖКнын төрагалыгына сунуштады. Нурбек Алимбековдун айтымында, фракциянын чечими бар.
Депутат Садык Шер-Нияз бүгүн бардык партиялар өз талапкерлерин көрсөтүшү керектигин кошумчалады. Ошондой эле, “Ата Мекен” партиясы Канат Исаевдин талапкерлигин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн колдой турганын билдирди. Муну менен катар “Республика – Ата-Журт” партиясынан депутат Марлен Маматалиев анын фракциясы да Канат исаевдин талапкерлигин колой турганын билдирди.
Вице-спикер Мирлан Бакиров да “Мен жеке Канат Кедейкановичти колдойм” деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ