Menu

ИИМ: Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-октябрда КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР Премьер-министри Садыр Жапаров КР Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жыйын өткөргөн. Садыр Жапаров ички иштер органдарынан кыргызстандыктар кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыктарын эскертти. Ички иштер министринин алдына белгиленген реформаларды натыйжалуу жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагылардын негизинде, КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР Премьер-министри Садыр Жапаровдун тапшырмалары менен көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында КР Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча ИИОнун бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөргөн.

Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышкан.

Онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык регионунда коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлган.

ИИМ башчысы коомдо резонанс жараткан кылмыштарды иликтөөгө жана бетин ачууга, кылмыш иштерин сапаттуу жана калыс иликтөөгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларды, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүп, мал уурулукка бөгөт койуу жанан бул багыттарда кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу, коомчулук менен биргеликте ыкчам алдын алуу иштерин да жүргүзүү тапшырмаларын койду.

“Биз коомдук тартипти, жарандын жана коомдук коопсуздугун камсыздоо тутумун күчөтүү керекпиз. Жарандардын укугун жана эркиндигин, мамлекеттин, коомдун жана жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоону камсыздообуз зарыл. Милиция кызматкерлери ар дайым профилактикалык иштерди жүргүзүү керек. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жакын арада белгилүү болот. Ошондуктан, региондордо коомдук-саясий кырдаалды күчөтпөө үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баргыла. Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Экинчиден катталган ар кандай, тартип бузуулардын, кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер күчөтүлсүн.
Ошондой эле, кызматкерлер арасында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзгүлө. Медициналык кызматтарда дарыланууда жүргөн кызматкерлерге ар тараптуу жана толук жардамдарды көрсөтүүгө өзгөчө көрүл буруу абзел. Милиция кызматкерлердин мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоолору дагы көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”,-деди министр.

КР Ички иштер министрлиги онлайн-кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн өткөрүп турууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: