Бүгүн, 22-октябрда КР Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев Россия Федерациясына иш-сапары менен барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш – сапардын алкагында, Р.А. Казакбаевдин Россиянын Тышкы иштер министри С.В. Лавров, ошондой эле Россия Федерациясынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылган.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук чөйрөлөрдөгү кыргыз-россия кызматаштыгынын күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелерин карап чыгуу болжолдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ