Menu

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 1182240 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери  1182240 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш- чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областынан “А. уулу У.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “VOLVO FH13” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын “KOGEL SN24» маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 18156 кг., болгон “кургатылган өрүк”, “кургатылган ит мурун”, “компот аралаштырмасы” жана “тазаланбаган жер жаңгак” табылган.

Кармалган товардын жалпы баасы 1182240 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: