Menu

Видео – Олег Морозов, депутат: “Киргизация” – бул шайлоонун кандай гана жыйынтыгы болбосун утулган тарап чыр чыгарып, бийликти алмаштырат”

Бөлүшүү:

Бейшемби, 5-ноябрда “Россия 1” каналында орус саясатчылары “АКШдагы шайлоо” темасынын айланасында талкуу жүргүзүштү. Талкуунун катышуучуларынын бири, “Единая Россия” партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты Олег Морозов өз сөзүндө Кыргызстанды эскерди.

Бүгүнкү күндө биз Американын саясий системасынан “Киргизацияны” көрүп жатабыз” – деген депутат.

“Кандайча?” деп алып баруучу тактап сурайт.

“Киргизация. Киргизия деген сөздөн. Башкача айтканда, шайлоонун кандай гана натыйжасы болбосун, утулган тарап ага каршы болуп, чыр чыгарат. Мисалы, ЕККУнун байкоочулары Кыргызстандагы акыркы шайлоону таза жана ачык-айкын деп тааныды. Биздин КМШнын байкоочулар дагы ошол жерде болушкан, алар да мыйзам бузууларды көргөн эмес. Ага карабастан, жеңилгендер жыйынтыктарга нааразы болушуп, шайлоонунун жыйынтыктары жокко чыгарылды. БШК жана Башкы прокуратура шайлоо туура эмес болгон деп жана бийлик алмашты”, – деди орусиялык депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: