Menu

“Тилектештик автобусу” акциясынын жыйынтыгы боюнча 1915 жаран акысыз укуктук жардам алды

Бөлүшүү:

“Тилектештик автобусу” акциясынын жыйынтыктары боюнча 2020-жылдын 12-ноябрынан 16-декабрга чейин 1915 жаран акысыз укуктук жардам алды. Бул тууралуу 18-декабрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн КРнын Юстиция министрлиги, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, КРнын Социалдык фонду, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, КРнын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги сыяктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн адистеринин ичинен эки мобилдик топ түзүлгөн.

Жалпысынан Чүй облусу боюнча 69, Ош облусу боюнча – 48 аймактык мамлекеттик органдардын адиси, тартылган.

Бир күндө мобилдик топтор эки калктуу конуштарга барышкан.

Акция мезгилинде Чүй облусу боюнча 40, Ош облусу боюнча – 28 калктуу конушка барышкан.

Адистер менен калктын жолугушуусу өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн.

Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын ж.б. укуктук маселелер боюнча акысыз консультацияларды алышкан.

“Тилектештик автобусу” Чүй облусунун (12-ноябрдан 16-декабрга чейин) жана Ош облусунун калктуу конуштарына (13-ноябрдан 14-декабрга чейин) баргандыгын белгилей кетүү керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: