Россия Федерациясындагы Коми Республикасында жек-рассел терьер тукумундагы Жесси аттуу ит 10 жаштагы баланы карышкырдан сактап калды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Тилекке каршы, үй жаныбарынын өзүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Окуя кечинде үйдүн жанындагы жолдо болгон. Бала короодо башка балдар менен жашырынып ойноп, тосмонун артындагы үйүлүп турган кардын артына жашынууну чечкен. Ал карышкырдын дарактардын арасынан чыгып келе жатканын байкаган да эмес. Карышкыр балага кол салмак болчу, бирок ит үйдөн чуркап чыгып, карышкырга үргөн. Жырткыч итти тиштеп алып, токойду көздөй качып кеткен.
Муну көргөн бала үйүнө чуркап кирип бардыгын атасына айтып берген. Атасы коңшуларын чакырып, карышкырдын изине түшөт. Жырткыч адамдын жытын сезсе керек, анткени итти таштап кеткен. Жесси токойдон канга боёлуп табылган. Бир нече сааттан кийин ит ветеринардык клиникада көз жумган.
Балдардын атасы үйдөгүлөр итти аябай жакшы көрүшчү экенин айтат.
В поселке Синдор в Коми маленькая собака спасла ребенка от волка. Мальчик с родными играл в прятки на улице, когда к ним подобрался хищник. Пес кинулся на волка и отвлек его на себя, благодаря чему мальчик успел убежать.
К сожалению, маленький герой погиб ? pic.twitter.com/wI4XYkUPxi
— РЕН ТВ | Новости (@rentvchannel) December 28, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ