Menu

Баренцево деңизинде орусиялык кеме чөгүп кетти

Бөлүшүү:

Баренцево деңизинде балык уулоочу «Онега» кемеси чөгүп кетти. Бортто 19 киши болгон. Эки балыкчы куткарылды, калгандарын издөө уланууда.

Баранцево деңизине балык уулоого чыккан «Онега» кемесине байланыштуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен белгилүү болгон. Баштапкы маалыматтар боюнча кеменин сыртын муз каптап, тоңуп калганына байланыштуу ал чөгүп кеткен.

Издөө-куткаруу иштерине «Войково» кемеси тартылды, окуя болгон жерге дагы үч кеме жөнөтүлдү. Аба ырайынын начардыгына байланыштуу издөөгө авиация катышкан жок.

Орусиянын Тергөө комитети суу жана деңиз транспортун пайдалануу эрежесин бузуу беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: