“Mercedes-Benz” унаасы Өтмөк ашуусунда, Талас-Бишкек унаа жолунун четинде калган. Бул тууралуу видеону окуя болгон жерден тартып алган Фейсбук колдонуучусу Нурлан Сагынбаев билдирди.
Видеотасманын автору белгисиз адамдар унаанын төрт дөңгөлөгүнүн үчөөсүн чечип салышканын, ошондой эле багаждын кулпусун ачып, эшиктин терезесин талкалап салышканын айткан.
Мындан тышкары, ал “B5315BA” каттоо номерин жерден алып, багажникке салган. Ал эми унаанын ээсин билген интернет колдонуучулардан анын унаасынын абалы жөнүндө маалымат берүүсүн суранды.
“Бул унаа жакында эле токтоп турган. Ээсине унаа буга чейин тонолуп, дөңгөлөктөрү алынып салынганын айткыла”, – деди Нурлан Сагынбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ