Украинанын Львов шаарында советтик кокарда менен баш кийим кийип жүргөн 19 жаштагы Киев шаарынын тургунуна каршы иш козголду. Бул тууралуу украиналык ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, Львов шаарындагы Валова көчөсүндөгү кафелеринин биринен жарандар мыйзам бузуучуну көргөндө полиция чакырышкан. Чакырууга келген полиция жигиттен СССРдин герби (балка жана орок) кызыл жылдызда чагылдырылган кокарда тагылган баш кийимди тартып алган.
Мыйзамды бузган адам эми мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени белгиленди. Ал “коммунисттик же нацисттик белгилерди өндүрүү, жайылтуу” беренеси боюнча мыйзамды бузган деп айыпталууда.
Львов шаарында 19 жаштагы бала СССРдин символдору чагылдырылган баш кийимди кийип жүргөнү үчүн 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ